Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Мындан туура беш жыл мурда Бакиевдик бийликтин огу 86 азаматтын өмүрүн кыйган. Кандуу апрелде каза болгондорду эскерип жатып, алардын бийлик алдына койгон талаптары аткарылдыбы деген суроого жооп табууга туура келет. Ыңкылаптын себеп-натыйжалары, Чубактын кунундай чубалган апрель соту, мекенинен безген канкор Бакиведер жана баркы кеткен “Апрель Баатырлары” тууралуу “Ыңгайсыз суроолор”телепргграммасы атайын иликтөө жасады.