ЖИГИТ ӨЛБӨС БОЛСОЧУ /МАЙРА КЕРИМ КЫЗЫНЫН УУЛУ, ТӨКМӨ АКЫН АКЖОЛ КАНАТБЕК УУЛУНАН "ӨМҮР КИНО"

Каналга катталыңыздар!!!    / @vip_mln_8   ЖИГИТ ӨЛБӨС БОЛСОЧ /МАЙРА КЕРИМ КЫЗЫНЫН УУЛУ, ТӨКМӨ АКЫН АКЖОЛ КАНАТБЕК УУЛУНАН "ӨМҮР КИНО" Төкмө акын жубайы жана санаалаштары менен Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Төкмө акын Акжолтой Канат уулунун сөөгү эртең, 13-ноябрда, жерге берилет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине акындын санаалашы Асылбек Маратов билдирди.Анын айтымында, төкмө акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10.00дө кичи мекени Тоң районунун Ак-Cай айылында болот.Акжолтой Канат уулу 11-ноябрга караган түнү Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Ал отурган машина жүк ташуучу унаа менен кагышып, алдына кирип кеткен. Мунун кесепетинен Акжолтой, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон. Бирөө өтө оор абалда Кочкор райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Акжолтой Канат уулу 26 жашта болчу. Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу. Ал да акындык өнөрдү аркалап, бир топ айтыштарга катышып келген.

Смотрите также