Мукай Элебаев | Кыйын кезең | аудио китеп

Бир башкача бурулуш кезеңде жашап жатабыз. Бул жыл жеке мен үчүн аң-сезимимде көп бурулуштардын жылы болду. Тарыхка, нарк-насил, улуттук баалуулук, элдик мүнөз, эркиндик жөнүндө көп ойлондум. Буга ааламдагы тынчсыздык, согуштар да таасир этти окшойт. Биз ким элек? Бул күнгө (анын жакшысына да, жаманына да) кантип келип калдык? Аталар биздин бүгүнкү жыргалыбыз үчүн эмнеден кечишти? Эмнени жоготушту? Анын баркы азыр сезилеби? Ушул өңдүү толгон-токой суроолор жыл өткөн сайын көп ойлондура баштады. Жашым өйдөлөп баратканынын белгисидир деп койдум. Кантсе да өзүбүздүн кечээги тарыхыбыз бүгүнкү опур-топурга жык толо жашообузга таасирин берип жаткандай сезим мени кое бергидей эмес. Ошондон улам быйыл мен элдин жакынкы эле тарыхына байланыштуу бир топ маанилүү чыгармаларды окуй алдым. Алардан алчу сабак көптөй туюлат. Ошолордун маанилүү мисалдарынын бири – Мукай Элебаевдин чыгармачылыгы. Назарыңыздарга залказыбыздын «Кыйын кезең» деген аңгемесин сунуштайм. Кытайга качкан кыргыз кайра элине кайткан жылдары өз айылын тааныбай, орустун «переселенецтеринин» салган жаңы үйлөрүн, короосу толо каз-өрдөгүн, арыктарда оонап жаткан чочколорун көрүп, оруска малай болуп иштеп калганда эмнени ойлоду? Угуп, пикир калтырыңыздар. Автор: Мукай Элебаев Окуган: Төрөкул Дооров Музыка: Асылбек Насирдинов - «Ак Мактым» Сүрөт: Жамбул Жумабаев - «Татаал жылдар»

Смотрите также