Таң калыштуу тең салмактуулук!

Башыңыздагы ар кандай ой-пикирлерди биразга токтото туруңуз. Себеби бул видео ой жүгүртүүнү талап кылган бир видео. Башка ишиңизди сураныч биразга токтото туруңуз. Өтө тез ылдамдыкта өтүп жаткан бул жашоодо ансыз деле убактыбыз аз, кыла турган ишибиз өтө көп. Даяр болсоңуз баштайлы. Ааламга көз чаптырып карай турган болсок өтө сонун, кемчиликсиз бир тең салмактуулукту көрөбүз. Бирок сыртынан карасаң микроорганизмдерден тартып тээ өсүмдүк, жан-жаныбарларга чейин көптүгү менен ааламды басып кете тургандай абалда көрүнөт. Бирок аларга сан жактан бир чек, өлчөм коюлган. Жаратыктар ал чектен аша албайт. Кененирээк түшүнүү үчүн мисалдар менен карап көрөлү. Мисалы микроорганиздер. Алар ыңгайлуу шарт жарала калган кезде тездик менен көбөйө башташат. Эгер бул микроорганизмдер өз эрки менен, каалагандай көбөйө беришкенде дүйнөнү микроорганизм басып кетмек. Анда башка жандуулардын жашоосу коркунучка кабылмак. Ошондуктан микроорганизмдер ар кандай душмандары менен күрөшүүнүн натыйжасында саны бир тартипке салынууда. Мисалы балык бир эле жумуртка чачканда миллиондогон жумуртка чачат. Эгер ал жумурткаларынын баары балык болуп чыга келгенде деңизди ар бир түрдөгү балык басып кетип, тең салмактуулук сакталбай калмак. Башаламан болуп кетмек. Чаян бир жылда 7 млн жумуртка чачат. Булардын баары жок болбой жетилгенде деңизди чаян басып кетмек. Мерланг балыгы болсо бир жылда 6 млн жумуртка чачат. Эгер жумурткаларынын баары жашап кеткенде бир эле жылдын ичинде деңиздердин баарын мерланг балыгы басып кетмек. Бирок бул 6 млн жумурткадан 12си гана жашап, калганы башка балыктарга жем болууда. Эгер суудагы жаныбарлар өздөрү каалагандай көбөйө бергенде бир жылдын ичинде эле жер бетиндеги суунун 3/4 бөлүгүн каптап кетмек. Океандар толуп ташып жер бетин бат эле каптап калмак. Бирок бактыга жараша бул көбөйүү процесси тартип астында, тең салмактуулук менен башкарылууда. Кадимки эле үй чычканы. Ал бир жылда эле 400гө чейин а.э. экинчи жылы болсо 65 000ге көбөйө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер чычкандардын бул көбөйүүсүндөгү тең салмактуулук сакталбаганда 2 жылдын ичинде эле жер шарын эки карыш калыңдыктагы чычкан басып кетмек. Таң калдыңызбы? Чынында муну болсо элестетүү да коркунчутуу, туурабы?. 1789-жылдары Австралияга Түштүк Америкадан тосмо иретинде колдонулчу кактусту көчүрүп келип отургузушат. Кактустар кыска убакыттын ичинде шумдуктуудай тездик менен көбөйүп, Англиянын аймагынчалык жерди каптап кетет. Эгин талааларына зыян тийип, мал-жандык өлүп, өтө көп чыгымдарга дуушар кылат. Натыйжада ар кандай айла амал кылып көрүшөт бирок кактустун көбөйүүсүн чектөө мүмкүн болбой калат. Кактус согушу мамлекеттик деңгээлдеги атүгүл Эл аралык деңгээлдеги маселеге айланат. Автралия бүтүндөй кактус аралына айланганы калган эле. 1925-жылы жардамга энтомологдор, курт-кумурска изилдөөчүлөр келет. Изилдөөнүн натыйжасында бул кактустун алгач өскөн жеринде Түштүк Америкада кактустун көбөйүүсүн жеп жөнгө салып туруучу милдетти аткарган курт бар экендиги аныкталат. Ал кактус куртун Автралияга көчүрүп келишет да көбөйтүшөт. Натыйжада 1925-жылдан 1939 жылга чейин кактус куртунун мээнети менен кактустун көбөйүүсүнө бөгөт коюлат. Караңызчы! Тең салмактуулук бузулса кандай кыйналат адам баласы. Акылдуу инсан кыла албаган нерсени кичинекей курт жасоодо. Т.а жасатылууда. Атмосферанын 21%ын кычкылтек, 77%ын азот а.э. 2%ын башка газдар түзөт. Эгер кычкылтектин пайызы 21%дан бираз көбүрөөк болгондо ширеңке күйгүзгөн кезде бүткүл дүйнө күйүп, өрттөнүп кетмек. Же тескерисинче кычкылтектин деңгээли бираз азыраак эле болгондо жип менен буугандай муунуп, дем ала албай калмакпыз. Бул сыяктуу мисалдарды айта берсек өтө эле көп. Буларга ар бир илим мисал болуп, күбө болуп берүүдө. Чынында материалдык көз караш менен карай турган болсок биздин жашообуз өтө эле ичке кылдын учунда тургандай. Кичинекей эле тең салмактуулук бузулса, дүйнөнүн, адамзаттын ажалы келе тургандай коркунучта. Бул жерде кичинекей эле бир иш-аркеттер тууралуу сөз болгон жок. Тескерисинче жогоруда айтылгандай эбегейсиз чоң жана көп болгон бир системанын кыймыл аракеттери тууралуу сөз болуп жатат. Бул тең салмактуулуктар өзүнөн өзү болуп калдыбы?. Же болбосо миңдеген жылдардан бери бул тең салмактуулуктар кокусунан эле сакталып келе жатабы?. Албетте жок. Өзүнөн-өзү болуп жатат дегендик акылга, логикага сыйбаган иш. Мунун баарын башкарып, тең салмактуулукту сактап турган зат бар. Ал ким болду экен кызык? Албетте Ал Зат Адл болгон Аллах Таала! Аллах Тааланын АДЛ деген ысмы бар. Адл ысмы “Адилеттүү, бүткүл нерсени өлчөм менен, тартип менен, ар бир нерсенин акысын берүү менен жаратып, башкарган, бүткүл нерсенин үлүшүн берген, коруган”-деген мааниге келет. Демек бул ааламдагы тең салмактуулук Аллахтын Адл ысымын көрсөтүп турат. Аллах бүткүл жакты тартипке салып, тең салмактуулукту сактоодо. Буларды көргөн инсан “Аллаху Акбар”-деп Аллахка баш ийип, сажда кылбаска айла калбайт чынында...

Смотрите также