Тажикстандык кыргыздардын жайлоодогу жашоосу кандай?

Тажикстандык Лахш(Жерге-Тал) районунун Кашка-Терек айылынан орун алган Кызыл-Бел жайлоосундагы этникалык кыргыздар боюнча сөз кылабыз. Аталган айылда чоңоюп, учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан Жамшед Худайкулов айылына болгон сапарында Кызыл-Бел жайлоосундагы туугандары менен амандашып, алардын жашоосун тасмага тартып келген. Анын айтымы боюнча Кызыл-Бел жайлоосундагы этникалык кыргыздардын жашоосун баяндайбыз. Кызыл-Бел жайлооосунда 20дан ашуун үй-бүлө жайкы жашоосун улантат деп сөзүн баштады Ж. Худайкулов. Дээрлик 5 жылдан бери Ош шаарында окуп жаткан Жамшед жайлоодогу элдин жашоосун алгач жайлоонун табиятын баяндоо менен баштады. «Айланасын анча бийик эмес тоолор куурчаган жайлоонун табияты адамга кубат тартуулайт... Тээ алыскы кырка тоолор айлананы туңгуякка бөлөгөн туманга тушалып, араңдан көрүнүп тургансыйт. Айрыкча төрт мезгилдин жаз айларында эне табияттын кооздугу ансайын көздүн жоосун алат. Туманга чулганган кырка тоолорго катар уланган тоолордун чокусуна атам замандан бери эзели чөп баш бакбаган. Ага улай катар тизилген тоолор күндөн тапталган денесинин табын жайлоого чачкансыйт. Андан төмөн көздөй аккан суу дал жайлоочулардын боз үйүнүн жанынан өтүп, жайлоодогу аруулукту ого бетер даңазалагансыйт. Мына ушундай көркөм табияттын кучагындагы адамдардын жашоосу эзелки көчмөн калктын жашоо образын туюнтуп турат»,-деди ал. Жергиликтүүлөр жайлоодо мал чарбасы менен алектенишет. «Кызыл-Бел жайлоосуна Кашка-Терек айылынан 20дан ашуун адам жаз айында көчүп чыгат. Жайлоодогу калктын негизи чарбасы мал чарбасы болуп саналат. Ар бир адамда 10дон ашуун сан уйлар бар. Жергиликтүүлөр жайлоодо уйлардын сүтүнөн быштак, курут, чөбөгө, май жана башкаларды жасашат. Айрыкча алар курут жасап, аны базарга сатышат. Базардын алыстыгы айылдан 10 мүнөттүк жол»,-деди ал. Жайлоодогулар жума сайын бири-бирин конкокко чакырышат. «Жайлоого чыккандан сүттөн тамактарды жасашып, жума сайын бири-бирин конокко чакырышат. Алар малдан башка, майда жандыктарды да багышат. Бирок, алар аз санда гана. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 1-2ден жылкылар бар. Жылкылар кышка чейин талаада жүрүшөт. Жайлоодогулар конокко баргандар сөзсүз «домбранын» коштосунда ыр ырдашат. Жергиликтүүлөрдүн диалектиси Баткен диалектисине окшош»,-деди ал.

Смотрите также