Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Дал ушул күндөрү «Эркиндик» бульварынын көркүнө көрк кошулуп турган чагы. Таң эрте чуркаган кары-жаш, иттерин агыткан шаар тургундары, иш күнүнөн кийин сейилдөөгө чыккандар, балдарын ойнотуп жүргөн ата-энелер, китеп, балмуздак кармап, сүрөт тартып, гитарада ойноп чер жазган жаштар - айтор, баарын кезиктирүүгө болот. Бульвардын тарыхын, андагы кызыктарды, туристтердин пикирин, атмосфераны “Азаттык плюстун” кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.