Тагдыр. “Кызым төрөттөн кийин кыймылсыз болуп калды”
О! БОНУС: Замира Досалиева 29 жашта. Ал 2020-жылы операция жолу менен баласын жарыкка алып келип, ошондон бери өз алдынча сүйлөй, кыймылдай албайт. “Кызым ушундай абалга туш болгондо күйөө балам жүз буруп кетти. Бирок мен аны туура түшүнөм” деген анын атасы Жүрсүнбай Досалиев кызын эркелетет, тамак берет, кам көрөт. Кызынын жалгыз багуучусу болгон ата алар башынан өткөрүп жаткан тагдырды баяндап берди. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0776 10 17 67