Арстанбаптагы сел. 23 унааны агызып, оорукананы, соода үйүн, 5 көпүрөнү суу каптады

Арстанбапта сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштары башталды. Алдын ала маалымат боюнча 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрдү тазалоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 77 куткаруучу тартылып тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды. Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. #кыргызстан #жанылыктар #арстанбап #сел

Смотрите также