Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Күүнүн баяны Нурак Абдрахмановдун комузга үйрөтүү китебинде жазылган: ПАРОВОЗ (КАРА ТУЛПАР) 1939-жылы Москва шаарында Кыргызстандын күндөрү өтө турган декадага жөнөшөт. Жолдо 4 күн бою паровоздун такылдаган добушу кулагына сиңип калган Ыбырай Туманов «Паровоз» деген күү чыгарат. Качан Москва шаарына жетип, конок үйнө жайланышкандан соң топтун жетекчиси Кубанычбек Маликов: Ким жолдо жаңы чыгарма жаратты? - деген суроо коет. Ошондо Ыбрай ата ушул күүсүн чертип берип, барган өнөрпоз адамдардын эмгекчили катары жетекчилердин алкышын алган экен. Бул күүнү 1974-жылы Нурак Абдырахманов Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебиндеги окуучу шакирттерине үйрөтүш үчүн жаңыча вариантын иштеп чыгат. Ал вариант теле-радио аркылуу жалпы коомчулукка жагып, бүгүн «Паровоз» деген күүнүн эң бир алгылыктуу үлгүсү болуп калды. Ошол вариантын 1995-жылы Жапаниянын коомчулугу «Камбаркан» ансамблинин комузчуларынын аткаруусунда абдан кызыгуу менен кабыл алып: «Дүйнөдөгү эң мыкты шишипопо (паровоз)» - деген наам беришти. Бирок бул вариант салттуу нотага так түшүрүлө элек болгондуктан айрым комузчулар ансамблдери ал вариантты так аткара албай жатышат. Эми жалпы комузчуларга жеткиликтүү болсун үчүн кол ойнотмолору менен кошо чагылдырылган эн белгиси жана нотасы сунушталды.