Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
ИИМ: Бахрам Сейтходжаев ИИМдин Республикалык окуу борборунун мугалими
ИИМ: Бахрам Сейтходжаев ИИМдин Республикалык окуу борборунун, "Аскердик тартип жана дене тарбия даярдыгы" циклинин мугалими "Мугалим-бул тагдыр буюрган кесип. Мугалим болуу-бул өтө оор эмгек. Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун мугалими келечектеги милиция кызматкерлеринин билимин жогорулатуу менен бирге көндүмдөрүн өзгөчө атайын ой-жүгүртүүсүн калыптандырууда жана өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Мугалим билимди жана көндүмдөрдү гана бербестен, курсанттардын кыйынчылыктарды жеңүүгө багытталган мүнөзүн калыптандырат, анткени ички иштер органдарындагы кызмат өзгөчө мамилени талап кылынат. Бул ойду ИИМдин Республикалык окуу борборунун "Аскердик тартип жана дене тарбия даярдыгы" циклинин начальниги, милициянын подполковниги Бахрам Сайтходжаев айтты. Ал 40 жаштагы юридика илимдеринин кандидаты, Нарын облусунун Кочкор районунун туулуп өскөн, төрт баланын атасы. Бахрам Сайтходжаев 2001-жылдан бери ички иштер органдарында, ИИМдин академиясынын курсанты, ИИМдин Академиясынын 2-факультетинде взводдун командири, Чүй облустук ИИББ ЖККББнын инспектору, Токмок шаардык ИИБ ЖКККБнын улук инспектору, Аламүдүн райондук ИИБ ЖКККБнын административдик практика жана жол көзөмөлү боюнча инспектору, Ысык-Ата райондук ИИБ ЖККБнын начальниги, ИИМдин ЖКККББнын улук инспектору жана юрисконсульт, Россиянын ИИМ башкаруу Академиясынын угуучусу. Окутуучу төмөнкүдөй сапаттарга ээ болушу керек: - өз тармагында терең билимге ээ болуу жана бул маалыматты угуучуларга жеткирүүдө компетенттүү болуу; - окутуунун жаңы методикаларына, заманбап технологияларды колдонууга жана өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө ачык болуу; - ой - пикирлерди жана маданий өзгөчөлүктөрдү урматтоо, эмпатия көрсөтүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү; - угуучуларды окутуу жана аларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо үчүн жоопкерчиликти моюнга алуу. Жалпысынан, окутуучу максатына жетүүгө жардам берип, угуучунун потенциалын максималдуу ачып бериши керек, - деп Бахрам Сайтходжаев өз иши тууралуу баянынн аяктады. ИИМдин басма сөз кызматы