Жакынкы Чыгыштагы абал Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде талкууланды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Эки мамлекет” планын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуш кылды. Маданият министрлиги көз карандысыз Next TV телеканалын текшере баштады. Министрлик азырынча мыйзам бузуу аныктала электигин билдирди. Тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага арыз жазды. Атайын кызмат комментарий бере элек. 0:00 Анонс: 0:58 Израил армиясы Бейруттун жака белине сокку урду 5:19 Бакуда климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулаган COP29 жыйыны дүйшөмбүдө башталды 10:42 Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштады 15:55 Башкы прокурордун мурдагы орун басары менен кошо дагы алты адам кармалды 17:18 Абактагы ишкер Имамидин Ташов Башкы прокуратурага арыз жазды 18:28 Оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салууну дагы бир комитет колдоду 20:21 Баткенде жасалма мөңгү тоңдуруп жатышат #бүгүназаттыкта #жанылыктар #бейрут _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -