Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жай аягына келип окуу убакты да жакындап калды. Кээ бирдерге маалым болгондой 9-11 класс окуучулары үчүн FLEX аттуу алмашуу программасынын конкурсу күзүндө башталат. Эгер Америкага барып, америкалык үй-бүлөдө жашап, мектепке барып, кыскасы, Америкалык жашоону кыялданып жүрсөң анда бул программа дал сен үчүн болушу мүмкүн. Анын үстүнө программа толугу менен акысыз (самолёт билеттерине чейин), сен англис тилин билсең эле болду (эркин болушу зарыл эмес). Айбика Ажымудунова силерге FLEX жана өзүнүн Америкада жашоосу жөнүндө айтып берди, анан дагы сынакка даярдануу ыктары менен да бөлүшүп кетти. Айбика азыркы убакытта МУЦА/БАЭУ 2-курс студенти. Ошондуктан, FLEXтен кийинки тажрыйбасы жөнүндө да сөз кылган. Ар дайымкыдай келе жаткан вебинардарга @eldemikg Instagram баракчасында кошула аласыздар.