Суйуу биздин байлыгыбыз

СҮЙҮҮ БИЗДИН БАЙЛЫГЫБЫЗ Сөзү Улукбек Омокеевдики Обону Түмөнбай Колдошовдуку Бир калаанын ичиндебиз, Бир санаанын түбүндөбүз. Бир бакыттын сыртындабыз,. Бир кусанын изиндебиз. Бир кыялдын кучагында, Бир сезимдин тузагында. Бир үмүттүн үстүндөбүз, Бир батабыз ыза-муңга. Сүйүү сенин жолдошуңбуз, Бир өмүрлүк болбосуңбуз. Кошулбаган сымап-суубуз, Кошулушкан коргошунбуз. Сүйүү обон кайрыгыңбыз, Сүйүү күйүт кайгыруубуз. Сүйүү биздин карызыбыз, Сүйүү биздин байлыгыбыз.

Смотрите также