Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Москванын ЖОЖдоруна өткөн студенттер менен жолугуштум
Москванын ЖОЖдоруна өткөн студенттер менен жолугуштум Быйыл Тоң, Жети-Өгүз жана Каракол аймактарынан 100дөн ашык улан-кыз Россиянын техникалык окуу жайларына өтүү үчүн атайын тест тапшырышты. Натыйжада, 6 бүтүрүүчү Москва мамлекеттик байланыш жана информатика университетине өтүп кетишти. Бул ишке чоң салым кошкон “Демилге KG” коомдук уюмунун жетекчиси Бактыгүл Усманова эжеге терең ыраазычылык билдирем. Ар бир студенттин окуусу жылына 150 миң рубль турган грант менен камсыз болду. Москвага кетүүгө камынып жаткан бүтүрүүчүлөр менен жолугуп, кеп-кеңешимди берип, ак жол кааладым. Ата-энелер да мындай мүмкүнчүлүк үчүн өз ыраазычылыктарын билдиришти. Келечекте дал ушул жаштар Кыргызстанды өзгөртө алат деп ишенем! Алар: 📌 Капаев Темирлан 📌 Муканов Нурсултан 📌 Сагындыкова Айтурган 📌 Тилекматов Курманбек 📌 Турмукулов Акылбек 📌 Эрмекова Аида #БилимиКүчтүүЖаштар #МоскваСтуденттери #ЖаштарКелечек #ЭлетБалдары #ДемилгеKG #ЫсыкКөл