Жаңыл Түмөнбаевага 80 жыл. ЖАМУ: илмий-практикалык конференция

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык маарекесине карата, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин илим бөлүмү тарабынан эки күндүк илимий-практикалык конференция уюштурулду. Алгач окуу жайда өткөн секциялык отурумдардын жүрүшүндө Түмөнбаеванын басып өткөн жолу, Кыргызстан үчүн жасаган эмгектери боюнча баяндамалар окулду. ЖАМУнун жетекчилиги тарабынан окуу жайдын жетишкендиктери менен ийгиликтери тааныштырылды. “Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, регионалдык башкаруудагы, лидердик жана кесипкөйлүктүн феномени” аталышындагы конференцияга коомдук ишмердин замандаштары, ЖАМУнун окутуучулары жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ж. Түмөнбаевага “Жалал-Абад облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Өмүрүн өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшаган ишмер, аялзатынан лидер айымдар көп чыкса экен деген тилегин билдирет. Ал жаштарды билим алууга чакырып, Жалал-Абад мамлекеттик университетине жогорку деңгээлдеги илимий-конференцияны уюштурганы үчүн ыраазычык билдирди. Окуу жайдагы жаштардын аны менен болгон суроо-жооптору кубандырганын белгилеп өттү. Белгилей кетсек, Жаңыл Түмөнбаева Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX-XI-чакырылыштарынын депутаты, мурдагы тышкы иштер министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер. Ал 30 жашынан тарта мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап келген.

Смотрите также