Кыргыз аппалузасы - ЧААР ЖЫЛКЫ

Манас атанын кадимки Аккуласы ала жылкы болгону айтылат. “Өңү кула, кара жал”,-деп сүрөттөлүп, жалы менен куйругу кара келгенин билебиз. Байыртан негизи эле кыргыз эли аргымактары менен атагы алыска тараганын тарых тастыктап келет. Ага дагы бир мисал - канаттуу аттар. Анда “Ала атчандар” деп кыргыздарга карата айтылган. Демек кыргыз башынан ала (чаар) ат мингендигин далилдейт. Ала-Тоону этектеген эл эзелтен эмнегедир “ала” өңгө өзгөчө жакын болгондугун байкайбыз. Ал гана эмес Ала-Тоону байырлаган ак илбирстин өңү да ала. Тоолорубуз да капыстан Ала-Тоо аталбаса керек. ✅Акыркы мезгилдерде көп айтылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган анык аппалуза - кыргыз чаар жылкысы тууралуу кеп кылабыз.

Смотрите также