Мар Байджиевдин акыркы интервьюсу // Баштан өткөн #16

Кызы Айджана Байджиеванын атынан. Негизи, ар бир жаңы муундун милдети, ата-бабалардан калган мурасты сактап, аны жакшыртып, заманбап нукка салып, өркүндөтүү. Ал үчүн эски муун менен жаңы муундун сүйлөшүүсү керек, эки жактан тең эмгек керек. Бири бири менен сүйлөшсө, бири бирин байытса, ошондо гана баардыгы төрт тегерегинен каралып, эч нерсе жаман нерсеге айланбай калат. Негизи, сүйлөшүү жок болсо, түшүнүк жок болот, түшүнүк жок болсо - караңгылык пайда болот. Ошондуктан угалы, сүйлөйлү, сүйлөшөлү. Ошондуктан Мар агайыбыз биздин жүрөгубуздө калды, ал биз үчүн кеткен жок. Анын иши улана берет. Анткени бул агай менен сүйлөшүп калдык. Тууган, жакындарына айтаарыбыз, арты кайрылуу болсун!

Смотрите также