“Кантишти экен досторум абактагы...” | “Адилеттик издейм” подкасты

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган жаңы подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга ар аптанын шаршемби күнү микрофон сунабыз. Бул подкастта жабык жайлардын абалы тууралуу кеп кылабыз. Бул маселени Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, үч айдан ашык Бишкектеги тергөө абагында жатып, саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Перизат Суранова жана укук коргоочу Арзыкан Момунтаева менен талкуулайбыз. 0:00 Башталышы 2:12 Перизат Суранова: "Ажааткана жок, чака турат" 4:47 Перизат Суранова: "Суткасына бир жолу жарым саатка сейилдөөгө чыгарат" 7:10 Арзыкан Момунтаева: "Ырларым элге катуу таасир этчү экен" 9:00 Перизат Суранова: "Дарылардын баарын апам тергөө абагына ташыды" 14:20 "Борбордогу №1 абак 1947-жылы салынган" 16:18 Жабык жайлардагы кош бойлуулардын абалы 19:55 "Ар бир адам гумандуу мамилеге татыктуу" _________________________________________ "Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз. Шилтемеси: IOS
Android
Биздин сайт -
​ Instagram -   / ​     / ​   Фейсбук -   / azattyk.org​     / azattyk​   Ютуб -    / @azattykradiosu   Телеграм -

Смотрите также