Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Сабактын темасы "Маалымат илими деген эмне?". Сабак "Маалымат илими" БУУӨПдун “Кыргыз Республикасындагы санариптик экономикада жаштар үчүн санариптик көндүмдөрдү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү” долбоору. Долбоордун максаты ЖОЖдордун жаңы муунун, тактап айтканда, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) жана Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) жаш кыздар-балдарга жана өзгөчө муктаждыгы бар жаштарга билим берүүнүн потенциалын чыңдоо жана окутуунун жаңы методдорун, анын ичинде окутуунун жаңы усулдары боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, жаңы окуу материалдарынын прототиптерин түзүү болгон. Жана ошондой эле ЖОЖдун окутуучулары өз алдынча билим алууга, кесиптик баарлашууга, тажрыйба алмашууга, жигердүү катышууга мүмкүнчүлүк ала турган чөйрөнү түзүү, информатика жана МКТ тармагындагы билим берүүнүн көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулоо. Билим берүү демилгелерин колдоо фонду жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн төмөнкү 6 дисциплиналар боюнча видеоматериалдарды иштеп чыгууну техникалык жактан толук камсыз кылды: маалымат илими; жасалма интеллекттин негиздери; программалык камсыздоону жана коопсуздугун долбоорлоо; киберкоопсуздук технологиялары; нейрон тармактары жана тереңдетилген үйрөнүү; машинанын үйрөнүүсү.