Жаңылыктар | 14.08.2024 | Ысык-Көлдө дрон кулады, Азим Ройго козголгон иштин чоо-жайы

- Орусиянын Украина менен чектеш дагы бир - Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Киев аскерлери Орусиянын аймагына кирип барганын орус армиясынын чабуулдарын токтотуу аракети менен түшүндүрдү. - Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. Атайын кызмат ага жана анын аялына былтыр издөө жарыялаган. - “Ысык-Көл” аэропортунда пилотсуз учак кулады. Мамлекеттик органдар жаңы тактикалык дрон сыноодон өтүп жатканда мерчемделген жерге жетпей, күйүп кеткенин билдирди. 0:00 Анонс 0:58 Белгород: Өзгөчө кырдаал жарыяланды 5:09 Азим Ройго козголгон кылмыш иши 9:19 Орусиянын өтүнүчү менен Казакстанда кармалган кыргызстандык эки аял Бишкекке эстрадицияланды. 10:42 Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Болгарияда "Бишкектен барган делген жүктөн 436 килограмм героин маңзаты табылды" делген маалыматты четке какты. Мекеме жүккө Кыргызстандын тиешеси жок экенин билдирди. 12:43 “Ысык-Көл” аэропортунда кулаган дрон 13:40 Бэнкси деген лакап ат менен таанымал сырдуу сүрөтчүнүн Лондондогу жаңы эмгектери кезектеги талкууларга жем таштады. 15:36 Аягы _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также