Имам Сарахсий

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: “Аалымдар Пайгамбарлардын мураскору” (Бухари, Илм 1; Абу Даут, Илм 1.) Атактуу аалым, профессор Мустафа Жеват Акшит, АКШда өткөн бир конференцияда жөөт улуттундагы Йозеф Шахт аттуу бир ореанталист менен, чыныш таануучу менен таанышып калат. Алар сүйлөшүп олтурушуп, кептин нугу Имам Сарахсийге келет. Йозеф Шахт Имам Сарахсий боюнча ушундай дейт: “Бул адам баласы болушу мүмкүн эмес. Анткени андагы эс тутум адам баласында жок. Же ал периште, же башка бир нерсе...”. Бул сөздөн кийин Мустафа Жеват Акшит Имам Сарахсий тууралуу изилдегиси келип, анын китептеринен тартып, жашаган жерлерине чейин изилдеп чыгат. Чыгармаларынын арасынан эң атактуу болгон “Ал Мабсут” аттуу 30 томдук китебин түрк тилине которууну туура көрөт. Бирок китепти котороордон алдын аалымдын кабырын зыярат кылып, Куран окуп, андан руханий бир уруксат алып койойун деп, кабырын издейт. Бирок анын кабырынын кайда экени белгисиз болчу. Кай бир булактарда Өзбекстандын Маргаланында деген маалыматтар да бар эле. Жеват Акшит Маргыланга келип, үймө үй кыдырып, сураштырып чыгат. Бирок майнап чыкпайт. Кийин аалымдын кабыры табылат. Бирок анын кабыры ошол жерде экенин эч ким күткөн эмес эле. Кабыр кайдан табылат билесизби? Кыргызстандан! Ооба, биздин өлкөдө дүйнөлүк деңгээлдеги улуу аалым, олуя жатат! Мына ошол Имам Сарахсий ким? Адамдарды таң калтыра тургандай анда кандай эс тутум болгон? Анын кабыры кантип табылган? Бул суроолордун жообу ушул чыгарылышыбызда.

Смотрите также