Баткен: жаштар килем токубай калышты

Баткен шаарында туристтик көргөзмө уюштурулуп, анын алкагында “Кыргыз килеми” жарманкеси да өткөрүлдү. Иш чарага биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Борбордук стадионго Баткен облусунун аймактарындагы кол өнөрчүлөрдүн токуган килемдери коюлду. Улуттук кол өнөрчүлүк аркылуу туристтерди тартып, кыргыз килемин дүйнөгө таанытуу менен Баткен жергесин туризмдин борборуна айлантуу максатында өткөрүлдү. Бирок чебер апалар акыркы учурларда жаш-кыз келиндердин килемчилик өнөргө кызыгуусу солгундап жатканын айтат. Буга түйшүктүү иштин ордуна сырттан миграциядан тапкан каражат жеңил болуп жаткандыгы себеп болгон. Өкмөт убагында колдоо көрсөтүп, бул өнөрдү сактап калбасак, жылдар өтүп унутта калып кетүү коркунучу бар экени да айтылды.

Смотрите также