✅ Кичинекей кыздын өтүнүчү менен 6 көп кабаттуу үйдүн айланасына асфальт төшөлдү

🔹 Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын Анар кичи районундагы 6 көп кабаттуу үйдүн ички жолдоруна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев катышып, жашоочулар менен жолугушту. 🔹 Эскерте кетсек, Калбү аттуу окуучу кыз мэр Жеңишбек Токторбаевге бир иш-чарада жолугуп, Анар кичи районундагы №10 көп кабаттуу үйдүн алдындагы жолду асфальттап берүүнү сураган. Мэр жеринде бул маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, көп өтпөй жумуш башталган. 🔹Калбү көп кабаттуу үйдүн алдында балдар ойноочу аянта жоктугун да айткан. Шаар башчы кичинекей кыздын бул өтүнүчүн да орундатып, аянтчага керектүү балдар ойноочу жабдыктарды да орнотуп берди. Ошондой эле жалпы жашоочулардын көйгөйүн жеткирген Калбүгө белектерин тапшырып, алдыда ноутбук берүүнү убадалады. ________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также