Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
«Чакан ГЭС» ААК жалпы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
📢️Урматтуу мекендештер! «Чакан ГЭС» ААК жалпы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! 🔹️Бул улуу күн ар бир жарандын жүрөгүндө эркиндикке болгон сүйүүнү, биримдикти жана мекенге болгон чексиз сыймыкты ойготот. Эгемендүүлүк – бул биздин өткөн тарыхыбызга таазим, бүгүнкү күнүбүзгө жоопкерчилик жана жаркын келечекке ишеним. 🔹️«Чакан ГЭС» ААКнын жамааты да өзүнүн күндөлүк эмгеги менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, энергетикалык коопсуздугуна жана келечек муундар үчүн таза энергия түзүүгө салым кошуп келе жатат. 🔹️Ар дайым эл-жерин сүйгөн, эгемендүүлүктүн баасын билген, биримдигин бекемдеген элибиздин келечеги кең, асманы ачык, жолу жарык болсун! Ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык жана молчулук орносун! 🇰🇬Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!