Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ош: кырсыкта каза болгондордун сөөгү жерге берилди
Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди. Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты. Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди. #кыргызстан #ош #авария _________________________________________ Биздин сайт - Instagram - / / Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб - / @azattykradiosu Телеграм -