Нурила - Мен сенсиз жашай албайм / Кавер версия 2023

Кызматташуу боюнча:0700 644 484 ✅ Нурила - Мен сенсиз жашай албайм / Кавер версия 2023 Сөзү: Н.Алымбековдуку, Обону: С.Бактыгуловдуку Көрсөм да көрмөксөнгө салгансыймын, Көңүлдүн көксөгөнүн тангансыймын. Мертинген тилегиме медер кылып, Мен сенсиз жашай албай калгансыймын. Сен десем сезим жаным күлгүнсүймүн, Сен менен бир өмүрдү сүргөнсүймүн. Кол шилтеп басып кетсем болор беле, Себебин өзүм гана билгенсиймин. Түйшүктүү бул турмушка толгонсуймун, Түгөтүп бүт жыргалым койногсуймун. Билиги жанган сайын үмүтүмдүн, Бир гана мен бактылуу болгонсуймун. Билсем да билмексенге салгансыймын, Бир келген таалайымды тангансыймын. Себебин сен билесиң айыбым жок, Сенсиз мен жашай албай калгансыймын.

Смотрите также