Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
катыш жана пропорция математика 6 класс кыргыз тилинде
Катыш жана пропорция катыш Эки сандын тийиндисин катыш деп айтабыз. Катыш биринчи сандын экинчиге караганда канча эсе чон экенин же канча болугун тузоорун коргозот Эрежени тушундуруу учун бир канча маселе карап корсок Жалпы жолдун узундугу 360км. Жолдун 240км жасалып буткон. Жолдун канча болугу жасалып буткон? Жалпы жолдун узундугу жасалып буткон жолдун узундугунан канча эсе чон? Биринчи маселени коз алдыбызга элестетсек, жалпы бизде 360км, анын 240км жасалып буткон. 1-суроо. Жолдун канча болугу жасалып буткон? Болукту табуу учун ошол болукчону жалпыга узундукка болобуз. Б.а 240ты 360ка болобуз. Бул жакта 240 менен 360 120га кыскарат, 240ка экиден, 360ка учтон беребиз. Ошондо жасалган жол жалпы жолдун 2/3 болугун тузот экен. 2-суроо. Жалпы жолдун узундугу жасалып буткон жолдун узундугунан канча эсе чон? Канча эсе дегенди табуу учун, жалпыны болукко болобуз, б.а 360ты 240ка. Жанагыдай эле кыскарат, ошондо 3/2 болот. Же муну ондук болчокко айландырсак, 1,5болот. Б.а. жалпы жолдун узундугу, жасалган жолдун узундугунан 1,5 эсе чон Дагы бир мисал карап корсок. Станоктун массасы 9,6ц, ал эми электроматордуку 36кг. Электроматордун станокко болгон катышын тапкыла. Алгач центнерди килограммга айландыпып алабыз. 9.6ц=960кг. Эми катыш тузобуз. Суроодо элекмотордун станокко болгон катышын тапкыла деп жатат, ошондо электромотордун массасын станокко болобуз, б.а 36/960. Экоо тен 12ге кыскарат, 36га 3тон, 960ка 80ден беребиз. Ошондо жообу 3/80 Эми пропорция Эки катыштын барабардыгын пропорция дейбиз. Дароо мисал карап корсок. 0,5:а=2:13 Томонку катыштан а ны тапкыла. Эсепти женил чыгаруу учун пропорцияны болчок турундо кылып алабыз. Ошондо 0,5/а=2/13 Бул жакта а ны табыш учун, кайчылаш турган эки белгилуу санды кобойтуп, белгисиз сандын кайчылашында турган санга болобуз. Эсиниздерге болсун, белгисиз сандын кайчылашында турган санга дайыма болобуз. Ошондо а=(0,5∙13)/2 алымдагы сандарды кобойтобуз, 6,5. Аны экиге болсок, 3,25болот. Жообу а=3,25 дагы бир мисал карап корсок. 35литр суттон 6литр каймак алынат. 140литр суттон канча литр каймак алынат? Бул маселени чыгаруу учун пропорция тузобуз. 35литр суттон 6литр каймак алынат, демек 35литр-6литр. 140литр суттон канча литр каймак алынат, 140литр –х болот, себеби канча каймак алынаары белгисиз. Пропорциянын негизги озгочолугу бир тектуу нерселер бир катарга жазылат. Мисалы сол жактын баары сутко тиешелуу нерселер, ал эми он жагынын баары каймакка тиешелууу нерселер. Эми мурунку мисалдай эле, кайчылаш кобойтобуз жана белгисиздин кайчылашында турган санга болобуз. Ошондо х=(140*6)/35=24л демек 140литр суттон 24литр каймак алынат