Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
терс жана он сандарды кошуу жана кемитуу 6 класс математика кыргыз тилинде
Терс жана он сандарды кошуу жана кемитуу Он сандар деп нолдон чон сандарды айтабыз, ал эми нолдон кичине сандарды терс сандар деп айтабыз. Эгерде сандан мурун же сандын алдында минус белгиси турса, аны терс сан деп тушунобуз, эгерде + белгиси же белги жок болсо, он сан деп тушунобуз. Мисалы: Томонку сандарды он же терс сан экенин аныктасак 5-6+7 Биринчи сан 5, аны белгиси жок демек + бар деп тушунобуз, демек он сан. Экинчи сан 6, алдында турган белгиси -, демек терс сан, учунчу сан 7, алдында турган белгиси +, демек он сан. Эгерде ушул нерселерди ажырата билсек, эрежени тушунуп, мисалдарды иштоодо кыйынчылык жаралбайт Терс жана он сандарды кошуп жана кемитуудо эки эреже бар. 1-эреже. Эгерде сандардын белгилери бирдей болсо, кошулат жана белги сакталат. Мисалы: -1-2= Бул жакта белгилери бирдей, ошондуктан сандарды кошобуз, жана минус белгисин коебуз. Ошондо -3 болот. 3+4= Бул жакта да белгилери бирдей, б.а. экоонун тен белгиси плюс, ошондуктан сандарды кошобуз, жана плюс белгисин коебуз. Ошондо 7 болот. 2-эреже. Эгерде сандардын белгилери ар кандай болсо, чонунан кичинесин алабыз, чонунун белгисин сактайбыз. Мисалы: -3+8= Бул жакта белгилер ар кандай, ошондуктан чонунан кичинесин алабыз, б.а. 8ден 3ту алабыз 5 болот, жана чонунун белгисин сактайбыз, чонунун белгиси бизде плюс, ошондуктан жообу 5бойдон калат. -11+4= Бул жакта да белгилер ар кандай, ошондуктан чонунан кичинесин алабыз, б.а. 11ден 4ту алабыз 7 болот, жана чонунун белгисин сактайбыз, чонунун белгиси бизде минус, ошондуктан жообу -5 болот. Эми сиздерге тапшырма томонку эсептерди 2минутанын ичинде чыгарыныздар жана канчасы туура болгондугун комментарийге калтырыныздар.