Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Айбанда да өз баласын таштабайт. Төрөтүп туруп тунгуюка таштап качып карабай жүргөн аталарды жоопко тартыш керек. Буну мамлекет өзү да көзөмөлгө алыш керек себеби бүгүнкү күндө аялдар болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Айла жоктун азабынан ар уюмдан жардам алып аргасыз башка диндерге өтүп жаткандар да жок эмес. Эми ошол балдары менен ташталган же алданган дейбизби ошол аял затынын туугандарына да кайрылуу!! Кабар алып койгула кандай болсо да бир эненин төрөлгөнсүңөр эжеңби карындашыңбы сиңдиңби апчеңби ажырашкан болсо барып кабар алып жылуу сөзүңдү айтып жардам берип кой. Таянган тууганы сен эле элең сен дагы кабар албай койдун. Аялыңан коркуп тапкан акчаңан карындашыңа эжеңе бөлүп бере албай койдун. Акыркы үмүтү сенсин үмүттүн шамын өчүрбө бир тууганыңды таштаба алар сага арзы мууңун айта албайт бирок жылуу сөзүңдү жардамыңды сөсүз күтөт.