Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Сот Исрадин Субанбековду абакта калтырды/ Тарапташтары MCN coin боюнча эмне дейт?
Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык сотунда MCN coin криптавалютасынын уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбековдун баш коргоо чарасы каралды. Эске салсак, ал 5-февраль күнү каржы пирамидасын уюштурган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган. Кийин Биринчи Май райондук соту аны 5-апрелге чейин тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган. Бирок жактоочулары Субанбековду үй камагына бошотуп, тергөөнү уланта берүү өтүнүүчү менен кайрылган. Натыйжада шаардык сот бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Сот отурумуна MCN coin алган жарандар чогулуп келишкен. Кырдаал тууралуу алардын да пикирин сурадык.