Карамолдонун "Ибарат" күүсү

Асан Кайбылдаевдин "Кыргыз күүлөрү" китебинен: «Накыл дүйнө» кайрыктары ИБАРАТ Акын Алдаш Молдо (1876-жылы туулган) 1916-жылкы «Үркүн» окуясына байланыштуу: Илгеркинин лакабы, Кыргызда бар макалы: «Бүлүнгөндөн бүчү алба, Тоогун жесең каз байла». Бектигиңе чиренбе! Дөөлөтүңө ишенбе! деген өтүнүчүн насыйкаттай келип: Мен айтканым – Ибарат. Сен кылбагын кыянат! Тартасың анын кысасын, Акыр түбү – кыямат! Таризинде ой-туюмдарын ибараттай кеткени эл оозунда айтылып келет. өнөрү өр талашкан, акындык комузчулугу андан ашкан Айтыке ырчы (1887-жылы туулган) Жумгалда туулуп, өмүрүнүн көпчүлүгүн Көл, Нарын, Чүй боорунда өткөргөн. Таластык Чоңду ырчы менен кездешип, «сарбагыш-бугу» чабышына байланыштуу: Кезегинде мындай бар: Майга салган ундай бар. Жаман жакшы ичинде, Айтылбаган сырдай бар. Дагы мына мындай бар: Көлдө сүзгөн куудай бар. Бир айылда сөз билген, Жоого тиккен туудай бар. Ошолорду неге алат? Ошенте берсе ким калат?! О Кудай ай! Кудай ай! Эл үчүн булар – Ибарат, – деген ыр сабагын жолдой кеткен. «Ибарат» аспаптык күүлөр музыка маданиятыбызда башкы орунду ээлей тургандыгы белгилүү. «Ибарат» – Карамолдо күүлөрүнүн туу чокусу. Улуу комузчунун чыгармачылык жүзү, табигый шыгынын күчү ушул чыгармасы аркылуу көрүнгөн. Анткени, элибиздин асыл сезими, мүдөөсү, тилеги, кыялы, шаттыгы «Ибарат» күүсүндө ийине жеткирилген. 1963-жылы «Ибарат» эл аспаптар оркестирине салынды да музыкалык коомчулук тарабынан өтө жогору бааланды. Таланттуу дирижер А. Жумакматов «Ибаратты» кудум Карамолдо чертип жаткандай жагымдуу кызыктуу кылып көчүргөн» 107 . Элибизге белгилүү чебер комузчулардын бири Самсалы Аликеев (1877- жылы туулган) «Ибаратты» Кудайберген деген карыя комузчудан 9 жашында үйрөнгөндүгүн эске салсак, бул күү Карамолдо, Кудайбергенге чейин эле чертиле келген эзелки күүлөрдөн экендиги талашсыз. «Ибарат» комуз аспабында эле эмес, кыл кыякта да тартыла келген күүлөрдөн экендигине күү жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу күбөдөр: «1971-жылы июнь айында Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү «Үч- Терек» совхозунда жашап туруучу 98 жаштагы санжырачы Кошалы Можу уулуна кездешүүгө барып калдым. Кошалы карыя менен Кулмат кыякчынын үйү жанаша, анын үстүнө ага-ини тууганчылыгы бар. өрүктүн көлөкөсүнө алакийиз, төшөктөрдү салып таштады. Ангыча Кулмат кыякчынын уулу Байжээн атасынын кыягын алып: – Мен да акеме күү тартып берейинчи, – деди да атасынын күүлөрүнөн тарта баштады. Ал жалаң кыяк күүлөрү эмес, комузда чертилүүчү «Ибаратты» да кыякка салып алган экен» Угармандардын бүйүрүн кызытып, ууз сезимге бөлөп келген бул күүнүн «Ибарат» аталышынын чечмелениши мындай: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө»: ибарат – үлгү, өрнөк дегенди билдирет. «Залимдерден өчүңдү ал, ибарат калсын артыңда» (Тоголок Молдо). Кыргыз музыкасын изилдөөчү В. В. Виноградовдун иликтөөсүнө таянсак: «Кыргыздардын акындык жана музыкалык чыгармачылыгында дидактикалык мүнөздөгү чыгармалар кеңири тарагандыгы маалым. Ошол мүнөздөгү чыгармалар элдин көркөмдүк традициясына кадырлап мамиле кылган Карамолдонун репертуарына да киргендиги белгилүү. Анын «Ибарат» деген күүсү мына ошол стилде чыгарылган. Карамолдонун «Ибараты» ушул кезде музыканттардын арасында «Майрамдык увертюра» деген мааниге ээ болду»109 . 107 Б. Алагушев, Т. Медетов. Карамолдонун күүлөрү. – Ф., 1978. 188-бет. 108 Будайбек Сабыр уулу. Эл шайырлары. – Ф., 1980. 155-бет. 109 В. Виноградов. Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары. – Ф., 1974. 53-бет.

Смотрите также