БАСМАЧЫЛАР КИМДЕР? УЛУТТУК БААТЫРЛАРБЫ ЖЕ ЭЛ ДУШМАНДАРЫБЫ? Тарыхтын талаш талкуусун жараткан “басмачылык”, чындыгында кандай болгон? “Басмачылар” ким болгон? Каракчыларбы же баатырларбы, келиӊиздер тарыхтын барактарынан талдап көрөлү. Орто Азиядагы ( 1917-1934) улуттук боштондук күрөшүндө ар кайсы түрк улутундагы 2 млн адам курман болсо, дагы 1,9 млн адам чет жакка чыгып кеткен. 1930-39 жылдары басмачыларга кошулуп же аларга колдоо көрсөтүп турушкан деген айып коюлуп 1,7 млн адам Сибирге жана башка аймактарга сүргүнгө айдалган. Жалпы жонунан Орто Азиядагы бул боштондук күрөшүндө 5 млн 600 миӊ адам өз өмүрү менен кош айтышкан.