«Чек арачы эне». 20 жылдан ашык Баткен элин жана жерин коргогон Разия Өсөрова

Разия Өсөрова — бир далай жолу Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу кагылыштарынын очогунда калган Көк-Таш айылынын тургуну. Разия апа 72 жашта, өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын айыл башчысы болуп кызмат өтөгөнгө, Баткендин жерин, анын жашоочуларын коргогонго арнаган. Элеттиктер аны эрдиги жана тайманбастыгы үчүн жакшы көрүп, жергиликтүү Курманжан датка деп атап алышкан. Разия апа жерин коргойм деп ажал таап кала жаздаган күндөрдү да баштан кечирген. Бирок бул ага ишин улантканга жолтоо болгон эмес. ================================================ Каналга жазылуу:    / @kloop3223   Биздин веб-сайт:
Facebook:
Twitter:   / kloopkyrgyz   Instagram:   / kloopkyrgyz  

Смотрите также