Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Данияр: Тагдырда табылып калганымсың, Таалайга шам болуп жанганымсың. Жабыккан жанымдын муңун үзүп, Жаркыган жароокер ардагымсың, ардагымсың. Жамийла: Өмүрдө таянган жөлөгүмсүң, Өйдөдө-ылдыйда өбөгүмсүң. Өкүттүн шамалын алыс айдап, Өзүңдү өзгөчө көрөөрүмсүң, көрөөрүмсүң. Экөө: Бир сага арналган өмүрүмдү ай, Башкага жанбаган ай, көңүлүмдү ай. Жан биргем арнадым ай, жалгыз сага, жалгыз сага, жалгыз сага, Жашоонун маңызы - улуу сүйүү! тунук сүйүү! сүйүү! Данияр: Жүрөктө сактаган тумарымсың, Жамийла: Жыгылсам туу болуп тураарымсың. Экөө: Көңүлдүн дабаасы - ардагым сен, Көрбөсөм сагынып тураарым чын! тураарым чын! Экөө: Бир сага арналган өмүрүмдү, Башкага жанбаган көңүлүмдү. Жан биргем арнадым жалгыз сага, Жашоонун маңызы - улуу сүйүү! Жашоонун мааниси - тунук сүйүү!