Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Айылымдын аязында, аптабында, Ал тургай топурак, чаң, баткагында, Мээримдүү бир башкача жылуулук бар, Мен, балким, байкабагам жаш чагымда. Атама, апама окшош айылымсың, Ааламда, бул дүйнөдө дайынымсың. Алыста тагдыр мени алып жүрсө, Акыры бир кайрылар байырымсың. Адаммын, айылымдын жарчысымын Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын.