Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Баткендик Мунарбек Камалов кулпунай өстүрүп киреше табууда. Ал өткөн жылы тиккен кулпунай көчөттөрдөн быйыл түшүм алып баштады. 30 сотых аянттагы көчөттөн бир теримде эле 1,5 тоннадай түшүм жыйнады. Түшүмдүн 1 кг 160 сомдон сатылды. Жалпы 60 сотых аянтта кулпунай бар. Дыйкан кулпунайды өстүрүү үчүн 700 миң сом чыгаша болгон. Керектүү иштердин баарын үй-бүлөсү менен аткарган. Эми түшүм ала баштады.