Табигый кырсыкта жапа чеккендер үчүн Кыргызстандын атынан Ооганстанга гумжардам жөнөтүлдү. Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 млн сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылган. 25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда жолго чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Андан ары делегацияны Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, коштоп барган.
#азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -