Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Нурлан Исмаилов - 15 - "Укуктук мамлекеттин негизги түшүнүгү"
Укуктук мамлекет – мамлекеттин конституциялык-укуктук статусунун мүнөздөмөсү. Муну менен катар заманбап демократиялык укук теориясынын борбордук категорияларынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасы өлкөнүн Башмыйзамына ылайык өзүн укуктук мамлекет катары жарыялаган. Укуктук мамлекеттин башкы өзгөчөлүктөрү болуп, адам укуктарын жана эркиндиктерин мыйзам аркылуу бекемдөө, мамлекетти башкарууда жарандардын түздөн-түз жана өздөрү шайлаган өкүлдөрү аркылуу катышуусун камсыз кылуу, мамлекеттин жана коомдун турмушунда мыйзамга артыкчылык берүү, коомдук мамилелерди жөнгө салуу жагдайында соттордун ролун жогорулатуу эсептелет. Кеңири маалымат менен видеосабактан тааныша аласыздар.