Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
“Жылдыздуу түн” с: Б. Абакиров об: С. Андабеков Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип Жылдыздуу түн сен экөөбүз биригип Өмүр балын жаңы татып турганда Өрүк гүлү бизге турду ийилип Кайырма: Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди, Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди. Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң, Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди Жыбыраган жылдыз улам суюлуп Ай шооласы жерге берип сулуулук Билинбестен өтүп жатты өзү эле Сенден мага, менден сага жылуулук Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап Аалам турду агыш тартып жалтырап Махабаттын же жаштыктын күчүбү Туруптурбуз эс-мас болуп магдырап