"Азаттыктын" жаңылыктары (06.05.2020-ж.)

#БүгүнАзаттыкта дүйнө жаңылыктары: 01:04 Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуккан дагы 28 адам катталды. 02:37 Орусияда төрт күндөн бери коронавируска кабылгандардын саны өсүп жатат. 05:57 Тажикстанда ооруканаларда орун жетишсиз экени маалымдалууда. 08:25 Беларус президенти Александр Лукашенко мамлекет башчыларды 9-майда Минсктеги парадга келүүгө чакырды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Минсктеги андай массалык иш чаранын арты опурталдуу болушу мүмкүн деп дагы бир жолу эскертти. 09:21 Дүйнөлүк саламатык сактоо уюмунун делегациясы үстүбүздөгү жумада Түркмөнстанга барбай калды. Эксперттердин айтымында, өлкө бийлиги буга чейинки чакыруусунан баш тартты. 10:17 АКШ президенти Доналд Трамп Венесуэладагы кырдаалдын анын өкмөтүнө эч кандай тиешеси жоктугун 5-майда билдирди. Анын алдынкы күнү Венесуэла бийлиги жекшембиде деңиз тараптан өлкөгө кирип, президент Николас Мадуронун бийлигин кулатууну көздөгөн куралчан адамдар, арасында америкалык эки жалданма аскер кармалганын маалымдаган. 11:23 Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын Улуу ата мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган мааракелик медалы менен сыйланды. 12:09 Иорданиядагы Заатари качкындар лагеринде башкалкалаган бир нече киши колго санитайзер чачыраткан роботту ойлоп табышты.

Смотрите также