Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Мирбек Атабековдун диндеги изденүүлөрү, «Умрага» биринчи саякаты, үй-бүлөлүк баалуулуктар!
Салам, достор! Бүгүн бизде конокто Кыргызстан эле эмес КМШ өлкөлөрүнө да заманыбыздын таанымал ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 3 баланын атасы Мирбек Атабеков. Бүгүнкү подкастта биз көпчүлүктү түйшөлткөн "детская травма", "ичтеги таарыныч", "менталитет жана анын үй-бүлөгө тийгизген таасири", "рух жана адам", "бала жана аларга берилүүчү тарбия", "ютуб жана балдар", "убакытты туура пайдалануу", "акыреттеги адамдын абалы", ж.б.у.с. орчундуу темаларды талкууладык. Сиздер менен подкасттын алып баруучулары: Нурсултан Майназаров @nursultan_mainazarov жана Денис Пышкин болду. Биздин каналга катталып, өз оюңузду жазып калтырууну унутпаңыз! Подкастты колдогонго ыраазычылык билдиребиз: @inhouse.kg @dodopizzakg #кыргызчаподкаст