Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Кыштак аймагында өрүк бышып, бүгүн 3-майдан баштап сатууга чыга баштады. Жергиликтүү дыйкан агроном Толубай Жалиловдун айтымында, өрүктүн баасын дүңүнөн эсептегенде бир килограммы 280 сомдон бааланган. Бүгүн кардарлар терип, сатып алып кетишет. Бул өрүктүн приция деген сорту. Үч жылдык көчөттөр, ар бири орто эсепте 20 килограммдан мөмө кармады.