Чүйдөгү цехте суткасына 60 миң даана кап даярдалат | Өнүгүүгө карай

Чүй облусунун Москва районунда кап чыгарган цех ишке кирип, 1 жыл ичинде кыйла эле кулачын жайып үлгүрдү. Азыркы тапта ун жана кумшекер каптарына түшкөн буюрутмалар облус ичи эле эмес, алыскы аймактардан да арбын. Буга дейре керектөөнүн басымдуу бөлүгү Казакстандан алып келинсе, эми ата мекендик ишкана өнүмдү ири көлөмдө өндүрүп, өлкөнү дээрлик толугу менен камсыз кылууга белсенүүдө. Буга заводдун кубаттуулугу жетет. Учурда күнүнө 60 миң даана кап даярдалууда. Тапшырыктардын саны өссө, мындан дагы көп чыгарууга шарт бар. Азырынча чийки зат Иран, Кытай, Түркмөнстандан алып келинет. Бара-бара сырьену да ишкана өзү өндүргүдөй кылып иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Ал эми капты даярдаган, түрдүү көлөмдө кесип, тигип, боек кошкон жабдуулар чет өлкөлөрдөн алынып, автоматташтырылды. Өндүрүш 70 тей адамды иш менен камсыз кылып, жергиликтүү калк арасында жумушсуздукту кыскартууга да салым кошууда. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook -   / utrkkg   Youtube (УТРК) - https://www.youtube.com/@UTRKkgchanne...
Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм -

Смотрите также