Прокурор ээлеп алган талаштуу бак мамлекетке кайтарылды/ Эми аны ким иштетет?

Мындай маалыматты Мамлекеттик мүлкү башкаруу агенттиги билдирди. Ага ылайык, учурдагы Жайыл районунун прокурору Маткасым Жапаровдун үй-бүлөсү бак тигилген 17 гектар жерди мыйзамсыз колдонуп жүргөнү белгилүү болду. Тагыраак айтканда, дан азыктарын эгүүгө ылайыкталган айыл чарба багытындагы жер максаттуу пайдаланылбай, көп жылдык бак өстүрүүгө берилип кеткен. Анан калса жерди убактылуу пайдалануу мөөнөтү 2017-жылы эле аяктаган. Ошого карабай бир дагы укук аныктоочу документ же ижара келишимдери түзүлбөй мыйзамсыз иштетилип келген. Андыктан, аталган жерлер мамлекеттик мүлк катары кайтарып алынды. Азыркы учурда Айыл чарба министрлигине өткөрүп берүү жагы каралууда. Аталган жерлер Кара-Суу райондук прокуратурасынын кийлигишүүсү менен өткөрүлгөнү айтылды. Белгилей кетсек, Маммүлк агенттиги өлкөдөгү мамлекеттик мүлк боюнча саясатты ишке ашырган жана коргогон орган болуп саналат. Бак Кара-Суунун Пирсавай айылында жайгашкан.

Смотрите также