Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы Париж Олимпиадасында күмүш медаль утушу менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы Париж Олимпиадасында күмүш медаль утушу менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарованы Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу - чоң ийгилик. Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медаль ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Биз сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды”, - деди Президент Садыр Жапаров. Ал Мээрим Жуманазарованын жеңиши - спортчунун жан үрөгөн мээнетинин, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин акыбети, деп баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров спортчуларыбыздын өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктай турганын кошумчалады. Өз кезегинде Мээрим Жуманазарова Мамлекет башчысына жана жалпы Кыргызстан элине жылуу сөздөр жана баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы күч, алдыга умтулууга, жаңы бийиктиктерди багындырууга жардам берээрин айтты. **** Президент Садыр Жапаров поздравил Мээрим Жуманазарову с завоеванием серебряной медали на Олимпийских играх в Париже Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 августа, в телефонном разговоре поздравил Мээрим Жуманазарову - члена национальной сборной, борца женского вольного стиля с завоеванием серебряной медали на Олимпийских играх в г. Париже (Франция). Глава государства от имени кыргызского народа и от себя лично выразил огромную благодарность спортсменке за высокое достижение. «Завоевание серебряной медали на Олимпийских играх – это значительное достижение среди спортсменов со всего мира. Достичь Олимпийской серебряной медали было нелегко. Не нужно расстраиваться из-за отсутствия золотой медали! Мы гордимся Вами безмерно. Эта победа вдохновляет и служит отличным стимулом для девушек, интересующихся борьбой, не только в Кыргызстане, но и по всему миру», – отметил Садыр Жапаров. Он подчеркнул, что успех Мээрим Жуманазаровой является результатом упорного труда самой спортсменки и неустанной работы её тренеров. Президент Садыр Жапаров добавил, что страна с нетерпением ждет возвращения наших спортсменов для поздравлений с заслуженной наградой. В свою очередь, спортсменка Мээрим Жуманазарова выразила благодарность Главе государства и всему народу Кыргызстана за тёплые слова и неоценимую поддержку, которые придают ей новые силы, помогая продолжать движение вперёд и стремиться к новым достижениям. -------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

Смотрите также