Алтынбек Каленов-Суйуунун мерез мыйзамы

«Сүйүүнүн мерез мыйзамы» Автор:Элмирбек Иманалиев Өкүттүү, кусалуу, жарааттуу, Өзгөчө армандуу, азаптуу. Өзөктү тытмалап да бир түн, Өзүңсүз дагы бир таң атты! Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпай чын, Мен келем, сен «эшик» ачпайсың. Мен жетчү бактыны ыйлатып, Мен кетчу жолума таштайсың! Сүңгүп мен чыгалбас санааны айт, Сүрүлгөн, сүрүнгөн жараны айт. Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы: Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт! Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпай чын, Мен келем, сен «эшик» ачпайсың. Мен жетчү бактыны ыйлатып, Мен кетчу жолума таштайсың! Сенсиз мен адашкан жөжөдөй, Сени издеп, чыйпылдап жөнөмөй. Серпилсем, бир сенсиң билмексен, Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй!... Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпай чын, Мен келем, сен «эшик» ачпайсың. Мен жетчү бактыны ыйлатып, Мен кетчу жолума таштайсың!

Смотрите также