Монолог / Нуржан Тойчикеева / Чыңгыз Айтматов "Кыямат" (роман) - Акбара

Чыӊгыз Айтматов “Кыямат” (роман) Акбара О, кудай-эне ‒ Бөрү-Ана, мени карачы бери, мына мен, Акбара, муздак тоолордун арасында шорлуу болуп, жалгыз олтурам. Өрттөнүп-күйүп бүттүм! Көз жашым төгүлгөнүн көрүбатасыңбы? Өксүп-өкүрүп улуганымды угубатасыңбы? Ичимди жалын каптап, эмчектеримди сүт тээп жарылганы турат, кимди эмизем, бөлтүрүктөрүмдөн айрылдым. Кайда бөлтүрүктөрүм, эмне күнгө туш келди? Кайдасыңар күчүктөрүм, томолонгон төрт макоом, кайда жоголдуңар, эмне күнгө туш келдиңер? Былтыр этиңер толуп, азууңар катып, жанымда жүрсөңөр мага күч-кубат, бел болбойт белеңер, силердин демиңер мени ой-тоодо чаалыктырбай-чарчатпай алып жүрбөйт беле. Биринчиси, баарынан оюнкараак, куйругунун учу ак бөлтүрүгүм, экинчиси ‒ баарынан көп ээмп, эмчекти оозуна салган боюнча уктап калчу, үчүнчүсү качан болсо кыңшылап, бирдемеге нааразы, беркилерди түрткүлөп уруша да кетишээр эле. Төртүнчүсү үч эркектин ортосунда жалгыз ургаачы бөлтүрүгүм ‒ көздөрү көпкөк кичинекейим. Кандай азап, кандай азап! Түш бери, Бөрү-Ана, мага түшүп кел, жаныма отур, чогуу улуйлу, чогуу өксөп ыйлайлы. Кел бери, жерге түш бөрүнүн эне-кудайы, мен сени өзүм туулуп-өскөн улуу чөлгө алпарайын, а жерде бизге, бөрүлөргө орун калбады. Кел бери, мынабу аска-зоолуу тоолордун арасына түшүп кел ‒ биерде да бизге орун жок. Бизге эч жерде орун табылбайт калды... Эгер түшүп келбесең, Бөрү-Ана, анда мына мени, карып болуп отурган эне-бөрү ‒ Акбараны алып кет. Мен да сени менен ай бетинде жашап, жер жөнүндө кошок кошуп, көз жаш төгүп отурайын. О, Бөрү-Ана-а-а, менин боздогонумду угубатасыңбы? Ук, ук, ук, Бөрү-Ана, ук менин ыйымды! Мени өзүң отурган айга, адам жок жерге алып кет, Бөрү-Ана! #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также