Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
О! БОНУС: Биз “Күйдүм чок” берүүсүнүн 2-чыгарылышын тарттык. Анда конокто колдоруна музыкалык аспаптарын кармап, ырчылар Рустам Сагыналиев, Ирлан Таалайбеков, Нурила, Канышай Сүйүнбай, Нурсултан Курманбеков жана куудул Талас Кашкариев болду. Кудум айылдын четиндеги отурушту элестеткен музыкалык берүүдө алар ырдап, ойноп, тамашалашып, башынан өткөн окуяларын айтып берип отурушту.