Жаңылыктар | 30.10.2024 | Камактагы Ташов өзүнө кол салды, Газада 90дой киши набыт болду

Камактагы ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы белгилүү болду. Ага ооруканадан операция жасалып, кайра камакка киргизилди. Апасы камактагы уулун чыгарууну суранып президентке кайрылды. Чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн, абактагы Мелис Аспековдун видеосу тарады. Анда Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон ири суммадагы акча алып, Садыр Жапаровго бергенин айкан. Бийлик өкүлдөрү анын мындай мазмундагы буга чейинки билдирүүлөрүн четке каккан. Газанын түндүгүнө жасалган израил армиясынын аба соккуларынан 90дой киши набыт болду. Ал арада Израил парламентинин Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жардам берген БУУнун агенттигинин ишине тыюу салышын эл аралык коомчулук сынга алды. #газа #ташов #бүгүназаттыкта _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также