Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Компьютер маалыматтарды иштетип, эсептөөлөрдү жүргүзүүчү, программдык-башкарылуучу электрондук түзүлүштөрдүн комплекси. Компьютердин негизги түзүлүштөрү системдик блокто жайгашкан, анын ичине: негизги плата, процессор, видео карта, оперативдүү эс, диск (HDD - hard disk drive), дисковод, желдеткичтер, кошумча карталар кирет. Системдик блоктун тышында болсо монитор, клавиатура, чычкан, үн чыгаруучу түзүлүштөр, принтер, модем ж.б. жабдуулар жайгашат. Автор бул сабакта компьютердин түзүлүшүн жана алардын жайгашкан ордун, аткарган кызматын айтып берет.